Ысык-Көлдө кайрадан мамонттун калдыктары табылды. Сүрөт

Жеринде археологдор иш жүргүзүп, табылгаларды таңгактап ташууга ылайыктап коюшканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Ысык-Көлдө Жыргалаң дарыясынын кумдак жерлериндеги карьерден 2-июнда мамонттун сөөгү табылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Табылга боюнча карьердин ээси дароо кабарлаган. Эртеси күнү жерине археологдор А. Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент (Н. Султанов жана Б. Садылдаев) менен барган.
1 / 4

Ысык-Көлдө Жыргалаң дарыясынын кумдак жерлериндеги карьерден 2-июнда мамонттун сөөгү табылды

2 / 4

Табылга боюнча карьердин ээси дароо кабарлаган

3 / 4

Эртеси күнү жерине археологдор А. Абдыканова жана А.Эмил уулу эки студент (Н. Султанов жана Б. Садылдаев) менен барган

4 / 4

Министрлик карьердин аймагында башка дагы табылгалар болушу ыктымал экенин кошумчалаган

"Кум-шагыл кенден тиштин жана астыңкы жаактын сыныктары бири-биринен 140-150 метр аралыкта табылган. Азуу табылган жерди тазалоодо сөөктүн дагы бир бөлүгү табылды. Ачыкка чыккан сөөктөр күндүн нурунан тез талкаланат. Ошондуктан археологдор жогорудан ылдый карай тешип, табылганы тазалаган. Ал мамонттун баш сөөгүнүн төмөнкү бөлүгү болуп чыкты. Сөөктөр начар абалда болгондуктан археологдор баш сөөктүн бир бөлүгүн гана алып чыгышкан. Бардык табылгалар таңгакталып, ташууга даяр. Алар консервациялангандан кийин музейге өткөрүлөт", — деп жазылган маалыматта.

Министрлик карьердин аймагында башка дагы табылгалар болушу ыктымал экенин кошумчалаган.
Эске салсак, 2016-жылы жаз айларында дагы Жыргалаң суусунун жээгинен мамонттун сөөктөрүн жергиликтүү тургундар таап алышкан.
Радио
Палеонтолог Бакиров: мамонттун сөөгүн изилдөө үчүн каражат издеп жатабыз