Президент бизнеске тоскоолдук кылгандардын жоопкерчилигин күчөтүүнү сунуштады

Мыйзам долбоору менен бир катар кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгеледи. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Мыйзам долбоору менен бир катар кодекстерге тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Маселен, Кылмыш-жаза кодекси мыйзамдуу ишкердикке тоскоолдук жаратуу үчүн жоопкерчилик караган жаңы 338-берененин 1-пункту менен толукталууда. Ишкерликтерди мыйзамсыз текшерүүгө (Укук бузуулар жөнүндө кодекстин 436-беренеси) айыпты 10 миңден 15 миңге көбөйтүү сунушталууда.
Мамлекет башчы ишкерлерди негизсиз камоодон коргоо үчүн электрондук байкоо жүргүзүү, күрөө, үй камагы сыяктуу бөгөт чараларын колдонууну сунуштаган.
Салык кызматы ишкерлерге 32 миң ККМди акысыз тарата баштады. Алуу шарты