УКМК: мусулмандардын "халифасымын" деген жаран экстремизмге шектелип кармалды

Тыюу салынган уюмдун мүчөлөрүнүн жана жактоочуларынын үйү тинтүүгө алынганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Чүйдө "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, экстремисттик делген материалдар алынды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
1 / 4

Чүйдө "Йакын-Инкар" диний агымынын активдүү мүчөлөрүнүн үйлөрү тинтүүгө алынып, экстремисттик материалдар алынды

2 / 4

Маалыматка караганда, алардын жашаган жеринен экстремисттик идеологияны үгүттөгөн көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) табылган

3 / 4

Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын "халифасы" деп эсептеген М.Б.М. камакка алынды

4 / 4

Ал экстремисттик уюмду түзүүгө жана каржылоого айыпталууда

Маалыматка караганда, алардын жашаган жеринен экстремисттик идеологияны үгүттөгөн көп сандагы басылмалар, электрондук маалымат каражаттары (компьютерлер, флешкалар ж.б.) табылган.
"Жыйынтыгында тыюу салынган кыймылдын 16 мүчөсү кармалып, алардын ичинен өзүн мусулмандардын "халифасы" деп эсептеген М.Б.М. камакка алынды. Ал экстремисттик уюмду түзүүгө жана каржылоого айыпталууда", — деп айтылат маалыматта.
Атайын кызмат калган жарандарга тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.
УКМК Сузакта диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсүн кармады. Видео