Байсалов сырттагы мигранттардын саны дээрлик 300 миңге кыскарганын айтты

Байсалов Кыргызстанда экономика өскөнүн, жумушчу күчкө болгон суроо-талап менен айлык жогорулаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстан сыртка кеткен эмгек мигранттардын санын дээрлик 300 миңге кыскартты. Бул тууралуу өкмөт башчынын орун басары Эдил Байсалов Женева шаарында эл аралык эмгек уюмунун директору Жильбер Унгбо менен жолукканда айтты.
Ал COVID-19дан кийин Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жетишкендиктер жөнүндө маалымат берип, экономиканын өскөнүн, жумушчу күчкө болгон суроо-талап менен айлык жогорулаганын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө өлкө ичинде алар үчүн (кайтып келген мигранттар — ред.) жумуш орундарын түзүп гана тим болбостон, Кыргызстан азыр эл аралык эмгек мигранттары үчүн жагымдуу өлкөгө айланып баратат", — деди Байсалов.
Министрлер кабинети өткөн жылы чет жакта эмгектенип жүргөн кыргызстандыктардын саны 1,1 миллион болгонун айткан.
Пресс-борбор
Евразия өнүктүрүү банкы "Работа без границ" тиркемесинин пайдасы тууралуу