Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу алмашты

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов ээлеген кызматынан бошотулганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен бул кызматка буга чейин президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген Жеңишбек Асанкулов дайындалды.
Женишбек Асанкулов
Арипов 2021-жылдын май айында Алматы шаарындагы Кыргызстандын башкы консулу болуп дайындалган.
Жогорку Кеңештин профилдик комитети башкы прокурордун отставкасына макул болду