Радио

Мамытова: Креативдүү индустрия паркы ишкерлердин өсүшүнө жардам берет

Креативдүү индустрия паркынын директору Канышай Мамытова бүгүнкү күндө индустрия паркына кызыккандар көп болуп жатканын айтты.
Sputnik
Креативдүү индустрия паркына резидент катары катталган юридикалык же жеке ишкерлерге жеңилдиктер болот. Аталган парк боюнча мыйзам 2022-жылы кабыл алынган. Анын башкы максаты — ишкерлерди колдоо, алардын өсүшүнө жардам берүү. Бул тууралуу Канышай Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Креативдүү индустрия паркынын пайдасын чет өлкөлүк жана көп каражат тапкан чоң ишканалар бат түшүнүүдө.
"Креативдүү индустрия паркы дүйнө жүзүндө жок. IT-компанияларды колдогон парктар көп, ал эми креативдүү индустрияны колдогон парк Кыргызстанда алгачкы ирет түзүлдү. Учурда бир канча компания арыз берди. Байкоочу кеңеш алардын арасынан 10 ишкананы тандайт. Документтеринин бардыгы биздин шарттарга туура келсе ишканаларды резидент катары каттайбыз. Юридикалык жак да, жеке ишкер да парктын резиденти боло алат", — деди Мамытова.
Ал ошондой эле, мыйзамга ылайык, жылдын аягына чейин 60 резидент каттоодон өткөрүлөрүн кошумчалады.