Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Италия вице-премьери: Макронго каска кий да, Украинага барып согуш деп айтам

Маттео Сальвини мурдараак ЕБ дипломатия башчысы "бүлүндүргүч", ал эми НАТОнун башкы катчысын "кооптуу мырза" деп атаган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Италиянын транспорт жана инфраструктура министри, вице-премьер Маттео Сальвини Франция президенти Эммануэль Макронго Украинага өзү барып, согушуп келүүнү сунуштаарын айткан. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Макронго каска кий да, Украинага барып өзүң согуш, италиялыктардын башын айландырба деп айтар элем", — деген Сальвини Бари шаарындагы мэрди шайлоо алындагы өзүнүн "Лига" партиясынын талапкери катышкан иш-чарада сүйлөп жатып.
"Лига" партиясынын лидери акыркы учурда НАТО менен ЕБ башчыларын Киевге аскердик жардамды арбын бергенин жана Россиянын түпкүрүндөгү буталарды Батыштын куралдары менен аткылоого коюлган чектөөнү алуу боюнча айтылган демилгелерин сындап келет. Ал ЕБ дипломатия башчысы Жозеп Боррелди "бүлүндүргүч", ал эми НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергди "кооптуу мырза" деп атаган.
Макрон буга чейин эгерде РФ фронттун чектерин жарып өтсө жана Украина суранса, Киевге аскерлерди жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн четке какпай турганын билдирген. Анын айтымында, көп өлкөлөр Франциянын мындай кадамына кошулган. Monde гезити Макрон Украинага аскердик инструкторлорду жөнөтүү үчүн европалык коалиция түзүүнү кааалаганын жазган.
Франция президентинин сөзүнө Кремль үн катып, окуянын мындай өңүтү Россия менен НАТОнун түз кагылышуусун жаратарын белгилеген. "Украинага айрым контингентти жөнөтүүнүн" талкууланып жатышынын өзүн РФ лидеринин маалымат катчысы Дмитрий Песков маанилүү элемент деп атаган. Анын айтымында, Кремль Батыш мамлекеттеринин мындан аркы кадамдарына тыкыр көз салып турат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Венгриянын ТИМи: НАТОнун аскерлерин Украинага жөнөтүүгө жол берилбеши керек