Кыргызстандык окуучулар "Шериктештиктин балдары" эл аралык форумуна катышат

Форумду Жогорку Кеңеш демилгелеп, долбоорду КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы (ПАА) колдогон.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумуна катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар билдиришти.
1 / 3

Кыргызстандык окуучулар "Шериктештиктин балдары" эл аралык маданий-билим берүү форумуна катышат

2 / 3

Иш-чара 25-июндан 4-июлга чейин Чолпон-Атада өтөт. Аталган форумга Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан балдар келип, улуттук каада-салттарын көргөзүшөт

3 / 3

Катышуучулар үчүн көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүүчү тренингдер, музыкалык сынактар, көркөм кечелер уюштурулат

Иш-чара 25-июндан 4-июлга чейин Чолпон-Атада өтөт. Аталган форумга Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан жана Тажикстандан балдар келип, улуттук каада-салттарын көргөзүшөт. Катышуучулар үчүн көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук мелдештер, интеллектуалдык оюндар, билим берүүчү тренингдер, музыкалык сынактар, көркөм кечелер уюштурулат.
"Долбоордун негизги максаты — балдарды достук, ынак коңшулук көз карашында тарбиялоо. Балдар КМШ өлкөлөрү тууралуу жаңы нерселерди үйрөнүп, өзгөчө таасирлерди алып, досторду таба алышат", — деди КМШ ПАА кеңешинин башкы катчысы Дмитрий Кобицкий.
Форумду Жогорку Кеңеш демилгелеп, долбоорду КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясы колдогон. Аталган форум алгачкы жолу 2013-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн. 2021-жылы Россияда, 2023-жылы Өзбекстанда уюштурулган. Аларга жалпысынан 700дөн ашык окуучу катышкан.
Кыргызстандын энергетиктери эл аралык инженердик чемпионатта сыйлыкка татыды