Радио

Албанов: Ботаникалык бактын сугат иштерин жакшыртууга 95 миллион сом бөлүндү

Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын мөмө-жемиш лабораториясынын жетектөөчү илимий кызматкери Нурлан Албанов аталган жайдын абалы, реконструкция иштери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Ахунбаев көчөсүндөгү 150 гектар аянтты ээлеген Ботаникалык бакка агротехникалык шаймандар менен жаңы техникалар алынды. Бул тууралуу Нурлан Албанов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл бактын 150 гектар аянтынын сугат иштерин жакшыртуу үчүн 95 миллион сом бөлүнгөн.
"Бишкек шаарындагы Ботаникалык бактын Горький көчөсүндө жайгашкан бөлүгүндө чоң иштер жасалды. Бул реконструкция президенттин жеке демилгеси менен аткарылууда. Көп жылдардан бери бизде мындай жумуштар жасалган эмес. Азыр Ботаникалык бактын ичине инфраструктура түзүлүп, эс алуучу, автоунаа токтотуучу жайлар, ажатканалар, дүкөндөр курулду. Тропикалык, субтропикалык жайда өсө турган өсүмдүктөр үчүн курулган күнөсканаларыбыз каралбай турган. Алар да оңдолду. Күнөскана абдан эле бийик, ичинде 25-30 метрге жете турган бактарыбыз бар. Ахунбаев көчөсүндөгү Ботаникалык бак экскаваторлуу, агротехникалык шаймандуу, чабуучу шайман жана өзүнчө тракторлуу болду. Ал жакта дагы реконструкция болушу күтүлүп жатат. Биздин бул жай 1965-жылы түптөлгөн. Андан бери жаңыланбай, эски бойдон жаман акыбалда турду эле", — деди Албанов.
Ал буга чейин ирригация маселеси чечилбегендиктен өрт кооптуулугу жогору болгонун кошумчалады.