Бишкектин бир бөлүгүндө 5-июнь күнү суу өчөт. Карта жана график

Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. 5-июнь күнү Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, саат 9:00дөн 18:00гө чейин турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга жана башка объектилерге таза суу берүү токтотулат. Буга шаардагы суу тармактарына жасала турган оңдоо иштери себеп.
Суу берүү үзгүлтүккө учурай турган аймак төмөнкү көчөлөр менен чектешет:
Байтик баатыр — Элебаев — Кулатов — Геологиялык тилке - Лев Толстой — Жукеев Пудовкин (Горькийден ылдый) - Матросов — Ибраимов.
"Бишкек суу канал" ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, шаардыктарды суу камдап алууга чакырат.
Бишкектин Ахунбаев көчөсүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Сүрөт