"Бишкек жарык" интернеттин кабелдерин кесип жатат. Мэрия себебин түшүндүрдү

Интернет менен камсыздаган компаниялар кабелдерди алып салуу альтернативдик маршрут салынгандан кийин гана мүмкүн экенин, ага бир айдан ашык убакыт талап кылынарын айтышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Борбор калаада тиешелүү кызматтар тарабынан интернет-провайдерлердин өкүлдөрүнө кабелдерди демонтаждоо зарылдыгы тууралуу эскертүүлөр жөнөтүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Бүгүн Байланыш операторлор ассоциациясы "Бишкек жарык" ишканасы кабелдерди кесип, кээ бир үйлөрдө интернет жок болуп жатканын ЖМКларга кабарлаган. Бирикме жолдорду кеңейтүүгө байланыштуу кабелдер которулуп жатканы боюнча 23-майда билдирүү келгенин, мөөнөт 25-майга чейин белгиленгенин билдирди.
Бирок интернет алып келген компаниянын өкүлдөрү кабелдерди алуу альтернативдик маршрут салынгандан кийин гана мүмкүн экенин, ага бир айдан ашык убакыт талап кылынарын айтышууда.
Мэриядан "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын башкы инженери Махабат Шамбетова алар менен жолуккандыгын билдиришти. Анда кабелдерди "Кыргыз телеком" ишканасынын жер астындагы каналдарына которуу маселеси талкууланган.

"Учурда Бишкек мэриясы тарабынан телефон канализациясын куруу планы боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Тиешелүү кызматтар интернет-провайдерлердин өкүлдөрүнө кабелдерди алуунун зарылдыгы тууралуу эскертүүлөрдү жөнөттү", — деп айтылат маалыматта.

Техникалык иштердин жана көрсөтүлгөн линияларды которуу убагында интернет-провайдерлер убактылуу азыркыдай иштей берери кошумчаланды.
Бишкектин Ахунбаев көчөсүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Сүрөт