Бишкектин Ахунбаев көчөсүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Сүрөт

Ахунбаев көчөсүнүн Токтоналиевден Малдыбаевге чейинки бөлүгүндө буга чейин эски асфальт алынып, эки тарабындагы бордюрлар демонтаждалган.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Бишкектин Ахунбаев көчөсүнө асфальттын биринчи катмары төшөлдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Айтматов көчөсүнөн Токтоналиевге чейинки тилкеге асфальт жарым-жартылай төшөлдү. Анын калыңдыгы алты сантиметрди түзөт. Ал эми экинчи катмарын бир жуманын ичинде төшөө пландалууда (калыңдыгы 5 см).
1 / 2

Ага ылайык, Айтматов көчөсүнөн Токтоналиевге чейинки тилкеге асфальт жарым-жартылай төшөлдү

2 / 2

Анын калыңдыгы алты сантиметрди түзөт. Ал эми экинчи катмарын бир жуманын ичинде төшөө пландалууда (калыңдыгы 5 см)

"Учурда канализация кудуктарынын тегерегине асфальт төшөлүп, бетон куюлуп, экинчи катмардын деңгээлине чейин көтөрүү иштери жүрүп жатат. Бетон стандарттарга ылайык каткандан кийин асфальттын экинчи катмары төшөлөт", — деди мэрия.
Муниципалитет Ахунбаев көчөсүнүн Токтоналиевден Малдыбаевге чейинки бөлүгүндө буга чейин эски асфальт алынып, эки тарабындагы бордюрлар демонтаждалганын кошумчалады.
Бишкекте бир топ көчө оңдоп-түзөө иштери үчүн жабылат. Тизме