Акылбек Жапаров ЕАЭБдин премьерлеринин жыйынында сүйлөдү. Урунттуу учурлары

Министрлер кабинетинин башчысы аймактарды өнүктүрүү институттарына долбоорлордун гранттык бөлүгүн көбөйтүүнү сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин кеңейтилген курамдагы жыйынында бир катар сунуштарды жасады.
Негизги учурлары:
тышкы соодада түзүлүп жаткан чөйрөнү эске алуу менен өндүрүүчүлөрдүн ортосундагы өнөр жай кооперациясын колдоо боюнча чараларды күчөтүү жана биримдиктин алкагындагы тоскоолдуктарды жоюу аркылуу ата мекендик өндүрүштү стимулдаштыруу артыкчылыктуу болушу керек;
транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүү, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу үчүн оптималдуу маршруттарды камсыздоо. Минкаб төрагасы Кыргызстандын президенти санариптик платформалар аркылуу тез ташууну камсыз кылуу максатында инфраструктуралык чектөөлөрдү, мыйзамдык тоскоолдуктарды жоюу, көзөмөлдөөчү органдардын ишин синхрондоштуруу боюнча биримдиктин алкагында жана үчүнчү өлкөлөр менен ишти күчөтүү зарылдыгын белгилегенин эске салды;
биримдиктин ички чек араларында жана өткөрүү пунктулары аркылуу товарларды өткөрүүдө контролдук-инспектордук иш-чараларды көзөмөлдөө чараларынын жана формаларынын бирдиктүү тизмесин түзүү жолу менен жөнгө салуу;
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы аба аркылуу каттамдардын баасын арзандатуу боюнча жаңы чечимдерди табуу жөнүндө ойлонуу;
Евразия өнүктүрүү банкы, Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду сыяктуу аймактарды өнүктүрүү институттарынын насыялык портфелин диверсификациялоо, чакан экономикасы бар өлкөлөрдүн пайдасына гранттык компонентти көбөйтүү жана бизнеске атаандаштыкка жөндөмдүү насыя продуктуларын сунуштоо боюнча иштерди улантуу.
Мишустин: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасы дүйнөлүк орточо өсүү темпинен озду