Абитуриенттердин Россиянын ЖОЖдорунан акысыз билим алуу мүмкүнчүлүгү бар

Акысыз билим алган студенттер окууну бүткөн соң "Кыргыз индустрия" ААКнын туунду компаниясында 3-4 жыл иштөөгө тийиш.
Sputnik
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. "Кыргыз индустрия" ачык акционердик коому кыргызстандык абитуриенттерди Россиянын жогорку окуу жайларында акысыз окууга чакырат.
Анда "Кыргыз индустрия" ААК менен россиялык бир катар ЖОЖдордун ортосундагы келишимдин алкагында кыргызстандык студенттер Россияда бакалавриат, кесиптик жана магистратура боюнча акысыз инженердик билим алышары белгиленген.
"Акысыз окуудан тышкары, студенттер бекер жатакана менен камсыздалат, жакшы окугандар мамлекеттик стипендияга тапшырса болот", — деп айтылат маалыматта.
Талаптарга ылайык, окууга өтүүнү каалагандар билими тууралуу расмий документ жана медициналык маалым кат тапшырышы керек.
"Студент окууну аяктагандан кийин "Кыргыз индустрия" ААКнын туунду компаниясында 3-4 жыл иштеши керек (жетишкен билим деңгээлине жараша). Сунушталган жумуш ордунан баш тарткан учурда же окуудан чыгарылганда талапкер кеткен бардык чыгымдарды төлөп берүүгө милдеттүү", — деп эскертти ишкана.
Бардык суроолор боюнча дүйшөмбүдөн жумага чейин (саат 09:00-18:00) 0559 442 022 телефону аркылуу байланышууга болот.
Министрлик кыргызстандык студенттерге стипендия каралган үч өлкөнү атады