“Менин алтын микрофонум” алтын үндүү диктор Тамара Алсеитованы эскерүү

Sputnik
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Тамара Алсеитова 1981-жылы Кыргыз мамлекеттик телерадиокомитетинде диктор болуп иштей баштаган. Ошол жылдан өмүрүнүн акырына чейин Тамара Алсеитова кыргыз радиосунда жана телекөрсөтүүсүндө дикторлук кесипти аркалап, кыргыз элине өз кесибинин чыгаан устаты катары таанылган. Тамара Алсеитова 1956-жылы Ысык -Көл облусунун Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган. Тамара Алсеитова кичинесинде эле өтө зирек, тетик, сөзгө маани берген кыз болгон экен. Апасы да ырга шыктуу, чоң апасы жомокчу адам болгон экен. Ушунун баарын көрүп, өскөн Тамара Алсеитова мыкты инсан болуп тарбияланат. “Туяк” программасынын алкагында биз алтын үндүү диктордун бир тууганы, КРдин эл артисти Шайгүл Алсеитова менен баарлаштык.