Ымыркайда жүрөк кемтиги эмнеден улам пайда болот — эхокардиография изилдөөсү эмнеге керек?

Sputnik
Ымыркайдын жүрөгү курсакта үч айлыгында эле калыптанып бүтөт. Азыр УЗИнин жардамы менен ичтеги балада жүрөк кемтигинин бар-жогун аныктоого болот. Эгер кемтиктин жеңил түрү болсо аялга төрөгөндөн кийин өзү бүтөлүшү же операция жасалышы мүмкүн экендиги эскертилет. Кыргызстанда жарык дүйнөгө келген 1000 баланын ичинен алтоо-жетөөсү тубаса жүрөк кемтиги менен төрөлөт. Эхокардиография изилдөөсү кандай жүрөк, балдардын жүрөк кемтигин пайда болуу факторлору кайсылар? Ушул суроолорго Балдар кардиологу, эхокардиография боюнча адис Өмүрбүбу Маматова жооп берет.