Таласта дүйнөлүк деңгээлдеги орус музыкасынын аткаруучулары конокто болду

Сретенский монастырынын хору "Сизди сүйгөм" романсын кыргыз тилинде аткарып көрүүчүлөрдү кубандырды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Таласта көп жылдардан бери алгачкы ирет дүйнөлүк деңгээлдеги орус музыкасынын аткаруучулары конокто болду. Бул тууралуу Русский дом билдирди.
Аткаруучулар:
Орус романс жылдызы Ирина Крутова Игорь Тукало жетектеген аспаптык ансамблдин коштоосунда чыкты;
Россиянын эл артисти Надежда Крыгина жана Л.Зыкина атындагы легендарлуу "Россия" ансамблинин солисттеринин квинтети;
1389-жылдан бери тарыхын улап келе жаткан Москва Сретенский монастырынын хору.
1 / 3

Таласта көп жылдардан бери алгачкы ирет дүйнөлүк деңгээлдеги орус музыкасынын аткаруучулары конокто болду

2 / 3

Алар Россиянын Маданият министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Талас мэриясы тарабынан уюштурулган "Музыка тилинде" долбоорунун алкагында концерт коюшту

3 / 3

Спектаклдер А.С. Пушкиндин туулган күнүнүн 225 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына арналды

Алар Россиянын Маданият министрлиги, Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Талас мэриясы тарабынан уюштурулган "Музыка тилинде" долбоорунун алкагында концерт коюшту. Спектаклдер А.С. Пушкиндин туулган күнүнүн 225 жылдыгына жана Талас облусунун 80 жылдыгына арналды.
Артисттер орус музыкасынын жанрларынын жана багыттарынын ар түрдүүлүгүн көрсөтүштү.
"Сретенский монастырынын хорунун аткаруусундагы кыргыз тилиндеги "Сизди сүйгөм" романсы көрүүчүлөрдү чындап кубандырды. Бул ырдын сөзү — А.С.Пушкиндин "Мен сизди сүйгөм" ырынын сөзмө-сөз котормосу. Дагы бир белгилүү ыр аткарылды, Игорь Воронцов жана Л.Зыкина атындагы "Россия" ансамблинин солисттери "Ала-Тоо – менин жерим" композициясын тартуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Маданий иш-чара тууралуу Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Альберт Зульхарнеев айтып берди.
"Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достукту, кызматташтыкты сактоого жана өнүктүрүүгө, Александр Пушкиндин тили Чыңгыз Айтматовдун мекенинде жашай беришине аракет кылып жаткандарга терең ыраазычылык билдиребиз", — деди ал.
Белгилей кетсек, концерттин жүрүшүндө "А.С.Пушкиндин тили Ч.Т.Айтматовдун мекенинде" сынагынын жеңүүчүлөрү болгон мектеп окуучулары жана мугалимдери сыйланды.
Бишкек: "Музей түнүндөгү" Пушкинге арналган иш-чара. Видео