Сузакта Кыргызстандын желеги өрттөлгөн окуя тергелүүдө

Белгисиз кишилердин желекти өрттөгөнү тууралуу маалымат 30-май күнү түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Сузактагы мектептин жана айыл өкмөт имаратында илинип турган желекти өрттөп, ордуна арабчага окшош жазуусу бар ак материалды илип кеткен окуя боюнча тергөө жүрүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 30-май күнү таңкы саат 4төрдө болгону тууралуу кабар түшкөн.
"Факт боюнча тергөө тобу окуя болгон жерге барып, белгисиз адамдар Сузак районунун Атабеков айыл аймагында жайгашкан №4 Б.Шамшиев жана №88 С.Атабеков атындагы орто мектептеринде орнотулган Кыргыз Республикасынын желегин жерге түшүрүп өрттөп, ордуна ак түстөгү кездемеге араб тилинде жазылган жазуусу бар желекти илип кетишкендиги аныкталган. Мындан сырткары, ошол эле Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратынын кире беришиндеги дарбазасына ортосунда арабчага окшош жазуусу бар ак түстөгү желекти илип кетишкен", — деп айтылат маалыматта.
Окуя боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Ал арада 31-май күнү УКМК Сузак районунан тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмунун алты мүчөсүн кармаганы белгилүү болгон. Атайын кызматтын берген маалыматы боюнча, колго түшүрүлгөндөр Бек-Абад айылынын аймагында экстремисттик идеологияны жайылтып жүрүшкөн. Эки окуянын бири-бирине байланышы бар-жогу азырынча белгисиз.
Мындан тышкары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия да окуяны териштирип жатканын билдирди.
УКМК Сузакта диний-экстремисттик уюмдун алты мүчөсүн кармады. Видео