Пресс-борбор

Бишкекте 100 объектинин сейсмикалык туруктуулугу текшерилди. Жыйынтык

Жасалма титиретүү жолу менен үйлөр акыркы жолу 1991-жылы текшерилген.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Имараттардын сейсмикалык туруктуулугун текшерүү боюнча ведомстволор аралык жумушчу комиссия ишин улантууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Талант Иманакун уулу билдирди.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборундагы брифингде ал учурда 100гө чукул имарат текшерилип, баары жарактуу деп табылганын айтты.
"Текшерүү үчүн объектини комиссия өзү тандап алган. Алгач уруксат берүүчү документтер, экспертизанын жыйынтыктары изилденип, андан кийин бетондун тыгыздыгы, арматуранын бекемдиги жана башкалар текшерилди. Республикада панелдик жана каркастык үйлөр курулат. Комиссия текшерилген объектинин баары нормага туура келет деген бүтүмгө келди", — деди Иманакун уулу.
Мамкурулуштун башчысынын орун басары жасалма титиретүү жолу менен үйлөр акыркы жолу 1991-жылы текшерилгенин кошумчалады.
"Учурда курулуп жаткан үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугу "Лира" программасы боюнча текшерилет. Ал дүйнө жүзүндө пайдаланылып, ката кетирбейт. Курулуп жаткан үйлөр текшерүүнүн беш этабынан өткөндөн кийин эксплуатацияга берилет", — деди Иманакун уулу.
Мамкурулуш: Кыргызстанда 9 баллдан ашкан жер титирөө болсо баары кулайт