Россия ТИМи Украинадагы адам укугунун абалы тууралуу доклад жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлиги Украинадагы адам укугунун абалы тууралуу доклад жарыялады.
Документте бул күндөрү Украинада орус деген түшүнүккө байланышкан бардык нерсеге: тилге, маданиятка, билим берүүгө, ЖМКларга тыюу салынганы айтылат.
Sputnik Ближнее зарубежье докладдагы негизги, маанилүү жерлеринен алып жарыялаган.
Киев режиминин өзгөчө "ийгиликтери" билим берүүдөгү орусташууну жоюу аракеттеринен улам жаралган:
украин мектептеринде орус тилинде окутууга тыюу салынган;
россиялык жана советтик чыгармалар билим берүү программаларынан чыгарылып, өлкөнүн бардык аймактарындагы китепканалардан орус тилиндеги китептер алынууда;
окуучулар менен мугалимдерге сабакта жана окуудан тышкаркы учурларда өз ара да орус тилинде сүйлөшүүгө болбойт;
Киев режими канондук Украина православдык чиркөөсүнүн храмына кол салууну мыйзам менен колдойт, өлкөдө ССтин нацисттигин көтөрө чалып, колдоп келишет.
РФ ТИМи мунун баарына Батыш жана укук коргоочу бир топ эл аралык уюмдар үн катпай келишерин, Киев болгону чет өлкөлөрдөгү кураторлорунун көрсөтмөлөрүн аткарып жатканын белгиледи.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиналык аскерлер монастырдын аймагынан элди сүрүп чыгарды. Видео