Сел кооптуулугу бар! ӨКМ шашылыш кабарлады

Министрлик арыктарды, суу өтчү түтүктөрдү, дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан арылтууну эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Бүгүн түштөн кийин жана эртең, 4-июнда, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда, тоо этектериндеги жерлеринде сел жүрүшү мүмкүн. Бул туурасында ӨКМ шашылыш кабарлады.
"Аба ырайынын бузулушуна жана нөшөрлөгөн жамгырга байланыштуу Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт", — деп айтылган анда.
Министрлик селди, суу каптоону алдын алуу үчүн арыктарды, суу өтчү түтүктөрдү, дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан арылтып, тазалап коюуну эскертти.
Июндун башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол