ЕАЭБдин өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуу деңгээли жылдан-жылга өсүүдө

РФ өкмөт башчысынын айтымында, Кыргызстан биримдикти жашылча-жемиш менен камсыздап келет.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. ЕАЭБдин өзүнүн айыл чарба азык-түлүктөрү менен камсыз болуу деңгээли жылдан-жылга өсүп, 2023-жылы 93 пайыздан ашты. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысы Михаил Мишустин Беларуста өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинде билдирди.
Анын айтымында, биримдикте өзгөчө агроөнөр жай потенциалы бар.
“Биримдиктеги айыл чарба жаатында жалпысынан 320 миллион гектар жер болсо, жалпы рынокто 190 миллион адам бар. Россиянын президенти ынтымак, биримдик менен гана ички рынок тамак-аш жана айыл чарба продукциясы менен үзгүлтүксүз камсыздалып турганын белгилеп келет”, — деди Мишустин.
Мындан тышкары, РФ өкмөт башчысы билдиргендей, Россия менен Казакстан союздук рыноктун данга жана өсүмдүк майына болгон керектөөлөрүн толук жапса, Беларусь эт жана сүт азыктары, Армения менен Кыргызстан жашылча-жемиш менен камсыз кылууда.
Мишустин мындай өзгөчөлүктү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо боюнча мындан аркы биргелешкен иштерде эске алуу керектигин белгиледи.
Кытай менен ЕАЭБ кайсы тармактарда кызматташарын министр айтып берди