Дүйнөнү кыдырып келе жаткан кытайлык байкерлердин тобу Нарынга жетишти. Видео

Ири компаниялардын жетекчилеринен, ишкерлерден жана белгилүү блогерлерден турган "Харли-Дэвидсон" мотосүйүүчүлөр тобу өлкөнүн үч облусун кыдырды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Дүйнөдөгү эң ири делген "Харли-Дэвидсон" мотоклубунун мүчөлөрү Нарынга барышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маалым болгондой, туристтерди Нарын шаарынын борбордук аянтында президенттин аймактагы өкүлүнүн орун басары Шабдан Абдырайым уулу баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, маданият кызматкерлери тосуп алышкан.
1 / 3
Члены мотоклуба Harley-Davidson, который считается крупнейшим в мире, посетили Нарын. 02 июня 2024 года
2 / 3
Члены мотоклуба Harley-Davidson, который считается крупнейшим в мире, посетили Нарын. 02 июня 2024 года
3 / 3
Члены мотоклуба Harley-Davidson, который считается крупнейшим в мире, посетили Нарын. 02 июня 2024 года
Белгилей кетсек, ири компаниялардын жетекчилеринен, ишкерлерден жана белгилүү блогерлерден турган "Харли-Дэвидсон" мотосүйүүчүлөр тобу 29-майда Кыргызстанга келишкен. Кытайлык коноктор Чүй, Ысык-Көл облустарын кыдырып, эми Нарын аркылуу мекенине кайтат.
Кыргызстанда мотосезон ачылды. Асмандан тартылган видео