Радио

"Кыргызстандын бермети" спорттук фестивалында 350 бел кур байгеге коюлат

"Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалынын негиздөөчүсү Бекболсун Советбеков Ысык-Көлдө Борбор Азиядагы эң ири спорттук фестиваль өтөрүн, даярдыктар кызуу жүрүп жатканын айтты.
Sputnik
"Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалында быйыл спорттун 23 түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 350 бел кур байгеге коюлду. Ири мелдеш 11-22-июнь аралыгында Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында жана Чолпон-Ата шаарында өтөрүн Бекболсун Советбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сегизинчи ирет өтүп жаткан ири спорттук иш-чарага Кыргызстан, Россия, Түркия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Азербайжан, Казакстандан спортчулар келери күтүлүүдө.
"11-22-июнь аралыгында Ысык-Көлдүн Чоң-Сары-Ой айылында жана Чолпон-Ата шаарында "Кыргызстандын бермети" эл аралык спорттук фестивалы өтөт. Борбор Азиядагы эң ири спорттук фестиваль Дене тарбия жана спорт департаменти менен бирге уюштурулуп жатат. Быйыл спорттун 23 түрү боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, 350 бел кур байгеге коюлду. Сегизинчи ирет өтүп жаткан эл аралык иш-чарага Кыргызстан, Россия, Түркия, Индия, Пакистан, Түркмөнстан, Азербайжан, Казакстандан спортчулардын келери күтүлүүдө. Мелдештин өзгөчөлүгү катары программада спорттун олимпиадалык, олимпиадалык эмес жана улуттук түрлөрү камтылган", — деди Советбеков.
Ошондой эле ал фестивалдын кадыры жылдан-жылга өсүп, спорттук туризм өнүгүп жатканын кошумчалады.