Кыргызстан баалуу металлдардын экспортун жаңылап, көбөйттү. Ким сатып алды

Былтыр 724,3 килограмм баалуу металл сатылган, ал эми I кварталында тышка эч нерсе чыккан эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстан январь-апрель айларында 587 килограмм күмүштү экспорттогону Улуттук статистика комитетинин маалыматында жазылган.
Анын жалпы баасы 451,9 миң долларды чапчыйт, баарын Гонконг алган. "Күмүш" деген графада январь жана январь-февраль боюнча тиешелүү статистикалык маалыматтар жайгаштырылган эмес.
Салыштыра келгенде былтыр баш-аягы 724,3 килограмм күмүш сатылган. I кварталында тышка эч нерсе экспорттолбогон, күзгү сатуу да болгон эмес. Мындан улам Кыргызстан тышка чыгарууну бир нече айдан кийин жаңылады деп айтууга болот.
Кыргызстан малайзиялык компания менен алтын буюмдарын чыгарууну көздөөдө