Радио

Жыныстык жол менен жуккан оорулар аял-эркек дебей тукумсуздукка кептейт

Бишкек шаарындагы №3 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жогорку категориядагы акушер-гинекологу Бурул Калиева жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын кооптуулугу тууралуу айтып берди.
Sputnik
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, жыныстык жол менен жугуучу оорулардын саны өсүүдө. Жаштар арасында өздөрүнүн ден соолугуна болгон жоопкерчилик төмөн болуп, башаламан жыныстык катнаш арбыды. Бул тууралуу Бурул Калиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар адамдын репродуктивдүү ден соолугуна таасир этип, тукумсуздукка алып келет.
"Жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулардын көбөйүшүнүн бирден-бир себеби — корголбогон, башаламан жыныстык катнашка баруу, ошондой эле гомосексуализм болууда. Инфекциялык, бактериялык түрү боюнча сифилис, гонорея, хламидия жана трихомания көп кездешсе, вирустук түрү боюнча адамдын папиллома вирусу пайда кылган жатын рагы, ВИЧ-СПИД, гепатит өӊдүү илдеттер арбын. Союз учурунда бул оорулар катуу көзөмөлдө болуп, алдын алуу чаралары көрүлчү. Азыр элди жапырт текшерип, көзөмөлгө алуу кыйын. 18 жаштан 35 жашка чейин сексуалдык жактан активдүү курак болуп саналат. Дал ушул убакта жыныстык жол менен жугуучу ооруну илештирип алуу кооптуулугу күч. Эркектерге да, аялдарга бул илдеттер олуттуу кыйынчылыктарды алып келет. Бирок аялдарда дарттын белгилери анык көрүнүп, түрдүү суюктуктар, жагымсыз жыт чыгып, ыӊгайсыздык жаратат. Көп учурда аялдар дарыгерге кайрылып дарыланат да, кайра эле камырабай жүргөн эркектерден оору жуктуруп алат. Андыктан жубайлар оору менен бирге күрөшүшү зарыл. Андан сырткары, эркектерде да, аялдарда да дээрлик ооруну билгизбеген тымызын жыныстык инфекциялар бар. Ошондуктан кичинекей эле ыңгайсыздык сезилсе, кычышуу же башка жагымсыз белгилер пайда болсо дарыгерге кайрылуу абзел. Жыныстык жол аркылуу жугуучу оорулар адамдын репродуктивдүү ден соолугуна таасир этип, тукумсуздукка алып келет. Эгер аял кош бойлуу боло турган болсо түйүлдүктүн өсүшүнө тоскоолдук жаратып, баланын түрдүү патологиялар менен же өлүү төрөлүүсүн шарттайт", — деди Калиева.
Ал балдарга мектептерде жыныстык тарбия берүүчү сабактар биология, адам таануу предметтеринде камтылышы керектигин кошумчалады.