IT тармагында иштөөнүн беш кемчилиги

Жумушка байланыштуу өнөкөт стресс жана чарчап жүрүү өзгөчө IT-тармагындагыларда арбын байкалат.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Cornerstone рекрутинг компаниясынын башкаруучу өнөктөшү Владислав Быханов Sputnik радиосуна курган маегинде IT тармагындагы жумуштун беш кемчилигин санап берген.
Адисти ишке алуудагы талаптын катуулугу. Ишканалардын тандоодогу талаптарынан улам IT адиси болуу бир кыйла оорлошту. Бул кесиптин босогосун албетте атайын курстардан окуп же жогорку окуу жайды аяктап аттаса болот, бирок башталгыч деңгээлден ортоңку деңгээлге жетүү үчүн көп убакыт кетет. Ал үчүн бир жылдан арбыныраак убакыт талап кылынат. Ошол жумуш ордунда кармалып калуу үчүн аталган адистикти тандагандар дайыма жаңычылдыктардан кабар болуп турушу шарт. Бардык эле компанияларда кызматкерлерин окутуу шарты каралбагандыктан, кийинки технологияларды өз алдынча үйрөнүүгө туура келет. Ошондуктан жумуш берүүчүлөр даяр адистерди ишке алууну туура көрөт.
Тез чарчашат. Жумушка байланыштуу өнөкөт стресс жана чарчап жүрүү өзгөчө IT тармагындагыларда арбын байкалат. Анткени тапшырма абдан көп, аягы көрүнбөйт, жумуш менен жалгыз алпурушуп жаткандай сезилет. Жоопкерчилик өтө чоң, ошол эле учурда күтүлбөгөн түрдүү жагдайлар да чыгып калышы мүмкүн. Адамдар, кесиптештери менен сүйлөшүп, баарлашуу азаят.
"Негизи баарлашуу диалогду жеңилдетип, команданын ынтымагын бекемдейт. Бирок бардык эле ишканада корпоративдик психологдор боло бербейт. Ошондуктан көп көйгөйлөрдү кызматкер, жетекчилер менен талкуулап чечкенге мүмкүнчүлүк жок. Мындан улам аларда таарыныч, чатакташып кетүү — эмоционалдык туруксуздук жаралат", – деп түшүндүргөн Быханов.
Ден соолуктагы көйгөйлөр. Невроз, белдин оорушу, көрүүнүн бузулушу, баш, ашказан илдети көптөрдө кездешет. Негизги себептер – компьютерди тиктеп, көпкө отургандык, тамак-аштын начар сиңиши. Мындан тышкары, уйкунун жетишсиздигинен алар энергетикалык суусундуктарды көп ичишет.
Атаандаштык күчтүү. Бул рынокто акча табуу үчүн келген ортозаар адистер да жетиштүү. Бирок алар көптөгөн талап, сын, атаандаштыкка даяр болушу керек, көпчүлүгү буга чыдабай да кетип калышат. Жумушсуз калбаш үчүн тармакка жаңы кирген адистер портфолиосун жакшылап толтурушу керек. Бир-экөө болсо да ири долбоорлорго катышкандыгын көрсөтүү – утуш. Мындан тышкары, жумуш берүүчүлөрдөн IT тармагындагыларга кандай талаптар коюларын талдап чыгып, маектешүүгө даярдык менен баруу сунушталат.
Күнү-түнү иштөө. Аткара турган иштердин ар түрдүүлүгүнөн улам, IT-адистерге сегиз сааттык иш графиги туура келбейт. Сааты менен так белгиленип коюлбаган иш убактысынан улам өздөрүнүн жашоосуна байланыштуу пландарды алдын ала түзө алышпайт. Мындай нерсе IT кызматкерин да, анын жакындарын да жүдөтөт.
Канткенде адашпай кесип тандай алабыз? Педагогдун кеңештери