БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко чылым чеккендерди бул адатты таштоого ынандыра турган жагдайлар жөнүндө Sputnik радиосуна курган маегинде айтып берген.
Дүйнөлүк статистика боюнча, 8 миллиондон 10 миллионго чейин адамдын өмүрүн чылымдан жаралган оорулар алат.
Онищенко тамеки тартуу адатынан арылуу адамдарга кыйын экендигин, көп учурда алар кайсы бир оор илдетке кабылгандан кийин гана андан баш тартышарын белгилеген. Академик мындайда адамдын ден соолугу үчүн кеч болуп каларын белгилеген.
Адис чылым чекпей койгондон кийин адамдын организминде кандай өзгөрүүлөр болорун түшүндүргөн.
"Эгерде эртең менен турганда тамеки тартпай койсо дем алуусу жеңилдейт. 10 саат өткөн соң организм никотинден тазаланып, кычкылтектин деңгээли көбөйөт. 13 сааттан кийин кан басымы калыбына келип, кан тамырлардагы гипертонус жоголот. Бир күндөн соң жүрөктүн иштеши жакшырат. Эки күндөн кийин даам сезүү калыбына келет. Үчүнчү күндөн тарта организмдин терди бөлүп чыгаруу функциясы калыпка түшүп, тазалануу процесси жакшы жүрөт. Бир апта өтүп чылымды таштаган адамдын териси жакшырып, андагы жыт кетет", – деген Онищенко.
Бир айдан кийин тамеки таштаган адамдын сырткы көрүнүшү кадыресе оңолуп, жөтөлү кетип, иммунитети нормага түшөрүн айткан. Ал эми эки айдын ичинде кан жана кан тамырлар токсиндер менен никотинден толук тазаланат. Үч айлык убакыт мээнин, булчуңдардын, эске тутумдун калыбына келишин шарттайт.
"Ушундай жакшы абалга жетүү үчүн да бул зыяндуу адаттан арылуу кажет", – деп кошумчалаган Онищенко.