1-класска каттоо. I этапта толуп калган Бишкектеги мектептердин тизмеси

II этап 3-июндан 30-августка чейин созулат. Анткен менен министрликтен 15 билим жайына каттоого болбой турганын айтышты.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда балдарды 1-класска каттоонун биринчи этабы соңуна чыкты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Буга байланыштуу бүгүн, 3-июнда, 1-класска каттоонун II этабы башталды. Саат 12:30га карата алынган маалымат боюнча, 9 миң 628 бала катталды.
Бишкек шаарындагы толуп калган мектептердин тизмеси:
№26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси;
№70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
№29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
Г. Алиев атындагы №20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
№13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназия;
А. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси;
№62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
№37 мектеп-гимназия;
Ч. Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия;
Н.Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби;
А.Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия;
Т.Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси;
№33 мектеп-гимназия;
Р. Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси;
№100 жалпы орто билим берүү мектеби.
Эскерте кетсек, II этапта балдар жашаган жерине карабастан 3-июндан 30-августка чейин каалаган мектепке каттоого тура алат.
Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) 1-класска онлайн режими менен mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.
Баланы мектепке электрондук каттоодо мүчүлүштүк жаралса эмне кылуу керек?