Президенттин маалымат катчысы башкы прокурорлукка талапкерлер тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Башкы прокурор Курманкул Зулушев отставкага кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, башкы көзөмөл органдын жетекчисинин отставкасын эми Жогорку Кеңеш карашы керек.
"Башкы прокурорлукка талапкерди өлкө башчы аталган системанын кызматкерлеринин арасынан караштырууда", — деди Алагөзов.
Курманкул Зулушевдин отставкага кеткени айтылды