БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Кыргызстанда ажылыкка жөнөп кеткен алгачкы зыяратчылар Медина шаарына жетишкенин муфтият билдирди.
"Манас" аба майданынан маалымдашкандай, Ош — Медина каттамы ишин жандантып, ажылык сапардын ачылышы салтанат менен коштолгон.
31-май күнү үч каттам менен 504 жүргүнчү учуп кеткен.
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 6 060 квота берилген. Зыяратчылардын 4 миңи Оштон учса, калгандары 5-10-июнь аралыгында Бишкектен учуп кетмекчи.