Баткен Кыргызстандагы эң алыскы аймак болгондуктан, ал жакка барып иштөөгө баары эле көнө бербейт. Бул тууралуу Бакыт Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чыгармачыл коллективдин катарын көбөйтүү багытында активдүү иштер жүргөнү менен жыйынтыгы ойдогудай эмес.
"Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, Баткен облустук бийлиги менен үч тараптуу келишим түзүлгөн. Анда Баткендин бүтүрүүчүлөрүн театралдык билим алууга жиберип, каражат жагын жергиликтүү бийлик камсыздамак. Ал балдар бүтүп барып, театрга эки жыл иштеп бермек. Демилгени ишке ашырдык, бирок балдардын айрымдары шаарга көнгөндөн кийин "окуу акысын өзүм төлөйм, Баткениңерге барбайм" дегендери дагы болду. Арасында "кичи мекениме барып иштеп берем" деген патриот уул-кыздарыбыз да жок эмес. Жакында эле театрга Бүбүсара Бейшеналиева атындагы университетти аяктаган эки кадр жана Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын алдындагы окуу жайды бүткөн эки жигит барды. Ошентип катарыбыз калыңдап калды. Муну менен эле кадр маселеси чечилип кетти дегенден алыспыз. Дагы деле башка окуу жайларга өтүнүчтөрдү жөнөтүп жатабыз",— деди Акматов.
Театр жетекчиси кадр маселесин чечүүдөгү дагы бир ыкма катары Баткендеги мамлекеттик университетте актер, режиссерлорду даярдаган багыт ачса болорун кошумчалады.