Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Ак үйдөн Россияга жасалчу украиналык чабуулдар тууралуу айтышты

Кирби алардын лидери үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жоопкер болууну каалабай тургандыгын кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Россиянын түпкүрүндө жайгашкан аскердик, ок атуучу жана логистикалык базалары — Украина армиясынын бутасы. Бул туурасында Ак үйдүн стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби жекшемби күнү айтканын РИА Новости жазды.
"Алар АКШ берген куралдарды чек ара аркылуу баары бир кооптуулугун тийгизе турган коркунучтарга каршы колдонууга чектелген уруксат берүүнү суранышты. Биз аскердик, ок атуучу жана логистикалык базалар тууралуу сөз кылып жатабыз", — деген ал ABC News телеканалына берген интервьюсунда.
Кирби, мындан сырткары, Байден үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жоопкер болууну каалабай тургандыгын кошумчалаган.
"Биз бул согуш башталгандан тарта эле андан ары ырбап кеткенине тынчсызданып келебиз, азыр деле түйшөлүп турабыз. Президент (Байден — ред.) үчүнчү дүйнөлүк согуштун башталышына жоопкер болууну каалабай тургандыгын айтууда", — деген ал.
Кирби АКШ Россия же башка өзөктүк башка держава менен чатакташууга умтулбай тургандыгын белгилеген.
Жума күнү АКШнын Мамлекеттик департаментине таянып, РИА Новости АКШ президенти Жозеф Байден Харьковдун кооптуулугуна коркунуч жараткан Россиянын аймактарындагы буталарды америкалык курал менен контрбатареялык күрөш жүргүзүү үчүн аткылоого Украинага уруксат бергенин кабарлаган. Бирок ыкчам-тактикалык ATACMS ракеталарын жана алыска атылуучу башка каражаттарга салынган тыюу күчүндө калтырылган.
РФ президенти Владимир Путин НАТОнун мамлекеттери Россиянын түпкүрүндөгү "мыйзамдуу буталарын" АКШнын Украина армиясына берген куралдарын колдонуп аткылоо боюнча Киевдин планына уруксат берип жатканда "ким менен ойноп жатканын" эсине алышы керектигин эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"АКШ жетиштүү уруксат бербей жатат". Зеленскийдин чабуул боюнча нааразылыгы