Кимдер үчүн үчүн күнгө күйгөн өтө кооптуу? Күн нурунун ден соолукка тийгизген таасири

Sputnik
Врач-дерматолог Темирбек Абдышев ультрасыякөк нуру теринин клеткаларына кирип, ДНКга зыян келтирип, тери рагын жана меланоманы пайда кыларын айтты. Негизи эле күнгө күйүүнүн да жолдорун билүү керек. Көл жээгинде күнгө күйүп калганда теринин ички катмарлары да жабыркап калат. Муну менен катар жайы менен Күнгө күйүү – бул теринин ультрасыякөк нурларынан коргонуу реакциясы. UVA жана UVB нурлары клеткаларга кирип, терс таасир этип, анын ичинде ДНКга зыян келтирет. Бул агрессияга жооп катары тери клеткалары меланин бөлүп чыгарат да, тери карарат. Өлкө аймагында фотодерматитке кабылып бизге кайрылгандар арбын болууда. Күн нуру өзү аллерген эмес.
Бирок теринин бетиндеги же терең катмарларындагы айрым заттардын түзүлүшүн өзгөртө алат. Бул аллергияны да пайда кылышы мүмкүн.