Көйгөйү көп Ботаникалык бак. Реконструкция эмне берди?

Sputnik
Акыркы кезде Бишкек шаарындагы Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бактын кейиштүү абалы боюнча маселе арбын көтөрүлүп келген. Анткнеи мындай уникалдуу жайды сактап калуу, ага кам көрүү боюнча иштер чеке жылытарлык болбой жатканы тынчсыздандырган эле. Бирок президенттин көңүл буруусу менен шаардагы Максим Горкий көчөсүндө жайгашкан Ботаникалык бак бир катар реконструкциядан өттү. Мунун өзү жашыл шаарды сактап калуу үчүн жасалган аракеттер. Бирок муну менен эле көйгөй чечилип калган жок. Кадр жетишпестигинен улам илимий кызматкерлер аз айлык алса да, кесибин сүйүп, бактарды сактап калуу үчүн чарба иштерин жасоого мажбур болушат.
Буга чейин бакта келген адамдардын этиатсыздыгынан улам өрт да чыгып, бир катар сейрек кездешүүчү баалуу бак-дарактар күйүп кеткен. Бүгүн алардын орду толукталууда.