Эне жана баланын өлүмүнүн себептери эмнеде? Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору менен маек

Sputnik
Эне жана баланы коргоо улуттук борбору клиникалык жана дарт аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн арттыруу максатында бөйрөк жана боор трансплантациясы, тубаса угуу майыптыгы үчүн кохлеардык имплантация, ретинопатия, лейкоз менен ооруган балдардын чучугун трансплантациялоо үчүн жаңы заманбап имаратка муктаж болуп келет. Учурда борбордо жаңы көп тармактуу корпусунун курулушу башталды. Оорукана практикалык гана эмес, илимий борбор катары да кызмат көрсөтөрү айтылды. Борбордо балдарды кабыл алуу, дарылоо шарттары кандай жолго коюлган?
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору менен педиатрлардын жетишсиздиги көйгөйү, эне жана баланын өлүмүнүн себептери тууралуу сөз кылдык.