Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры Новосибирскиде гастролдо болду

Гастролдор Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган мифологиялык поэма менен башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Новосибирск шаарына 1-июндан 3-июнга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры гастролдоп барды. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.
1 / 2

Новосибирск шаарына 1-июндан 3-июнга чейин Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театры гастролдоп барды

2 / 2

Маалыматка ылайык, программа Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган мифологиялык поэма менен башталган

Маалыматка ылайык, программа Чыңгыз Айтматовдун "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" чыгармасынын негизинде коюлган мифологиялык поэма менен башталган. Ал эми 2-3-июнда Александр Пушкиндин "Пиковая дама" повести боюнча фарс жана Владимир Гуркиндин "Любовь и голуби" лирикалык комедиясы коюлган.
Белгиленгендей, 2025-жылдын сентябрында Новосибирск мамлекеттик академиялык "Красный факел" театры Кыргызстандын борборуна келет.
Аталган иш-чарага Новосибирск облусунун губернатору Андрей Травников, Новосибирск облусунун маданият министри Юлия Шуклина, чет мамлекеттердин дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү жана кыргыз диаспораларынын жетекчилери катышканы кошумчаланды.
Кыргыз драма театры июнда кандай спектаклдерди коет? Тизме