БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Владимир Зеленский Сингапурдагы "Шангри-Ла диалогу" конференциясынын алкагында журналисттер менен сүйлөшүп жатып, АКШнын Киевге HIMARS комплекстери менен Россиянын Харьков облусуна чектеш аймагына гана сокку урууга берген уруксатын жетишсиз деп нааразылыгын билдирген. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
Буга чейин Wall Street Journal гезити америкалык аткаминерлердин айткандарына таянып АКШ Киевге Россиянын Харьков облусуна чектеш аймактарына сокку урушу үчүн РСЗО HIMARS, GMLRS ракеталык системалары жана артиллерия колдонушуна уруксат берерин жазган.
"Биз Байденге Украинанын чектериндеги Харьков аймагына жакында эле HIMARS комплексин колдонууга уруксат бергени үчүн ыраазыбыз. Бул жетиштүүбү? Жок", – деген Зеленский.
Буга чейин Россия президенти Владимир Путин НАТО өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Россиянын аймагына сокку урууга Киевге уруксат берүү тууралуу сүйлөп жатканда "ким менен ойноп" жатышканын ойлонушу керектигин эскерткен.
Москва Батыштын Россия аймактарына коюлуучу чабуулу боюнча айткандарын акылга сыйбаган сөз экенин, бул түздөн-түз РФ менен каршылашууга кептей турганын белгилеген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков НАТОнун башкы катчысынын айткандарын чагым деп атады. Анын айтымында, өзүнүн аймактарына урулган соккуга Россиянын бериши мүмкүн болгон жообун — тиешелүү тараптардын контрчараларын президент да, аскерлер да билет.
Кремль Украинаны куралдандыруу түзүлгөн кырдаалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратып, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жүк Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздап жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен да алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.