Иштеп жатканда ток урган. Министрлик Дөң-Арыктагы трагедиянын чоо-жайын айтты

Окуя болгон жерге келген электриктер сөөктү жерге түшүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Чүй облусунда телефонист ток ургандан кийин көз жумган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Трагедия Чүй облусуна караштуу Дөң-Арык айылында болгон. Жергиликтүү эл "Чүй электр тармактары" ишканасына чалып, түркүктө киши илинип турганын айтышкан.
Окуя болгон жерге келген электриктер сөөктү жерге түшүргөн. Энергетика министрлигинен 58 жаштагы ал киши телефонист болгонун айтышты. Маалыматтарга караганда, түркүккө телефон линиясын тартканы чыккандан кийин ток урган.
Аталган министрликтен райондук электр тармактарына телефонисттин ал жерде иштей турганы боюнча эч ким маалымдабагандыгын айтышты.
Энергетиктер өз алдынча чыгып электр жабдуулары менен иштөө өмүргө кооптуу экенин эскертишти.
Бишкекте үй күйүп, 57 жаштагы киши каза тапты. Өрттүн видеосу