Олимпиада оюндары — 2024

Мунарбек Сейитбек уулу Олимпиадага 15-жолдомону алды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Боксчу Мунарбек Сейитбек уулу Париждеги Олимпиадага жолдомо утту.
Ал Таиланддагы лицензиялык турнирде 57 килограммга чейинкилер категориясында чыккан. Спортчу жарым финалга чейин жетип, бирок утулуп калган. Үчүнчү орун үчүн кармашта Мунарбек индиялык атаандашын уткан.
Ушуну менен Кыргызстандын куржунунда 15 лицензия болду. Алар күрөштүн түрлөрү, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика боюнча алынган. Эми тизмеге бокс да кошулду.
Белгилей кетсек, жайкы Олимпиада оюндары Франциянын борборунда 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.
Мунарбек Сейитбек уулу 1996-жылы Ошто туулган. Бокс менен жети жашынан бери машыгып келет. 2017-жылы Кыргызстандын курама командасына кирген. Былтыр май айында дүйнө чемпионатында коло медаль уткан.
Олимпиада оюндары — 2024
Дзюдочу Эрлан Шеров Париж Олимпиадасына жолдомо алды