Радио

Манасчы "алман" деген сөз эмнени түшүндүрөрүн айтты

"Манас" театрынын директорунун орун басары, манасчы Нурбек Талантбеков эпосто кездешкен көөнө сөздөрдүн бирин чечмеледи.
Sputnik
"Манас" эпосундагы" "алман" деген сөз салык, милдеттүү төлөм дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында айтып берди.
Бул аталыш эпосто салыктын бир түрү катары колдонулат.

"Манаста" жер салыгы, от салыгы, суу салыгы деген сыяктуу көп түрү аталат. Ошолордун бири "алман" деп берилет. Алман — түтүн башынан алына турган салыкты түшүндүрөт. Жакып, Акбалта баштаган 40 үйлүү кыргыз Алтайга барып кытай-калмактан кордук көргөнүн сүрөттөгөн саптарда бул сөз көп кездешет", — деди Талантбеков.

Манасчы эпосто мындай көөнө сөздөр өтө арбын экенин кошумчалады.