Кытай менен ЕАЭБ кайсы тармактарда кызматташарын министр айтып берди

Келечекте өз ара кызматташуунун тизмесин кеңейтүү, аларды БРИКС менен ШКУнун аянттарына да биргелешип алып чыгып, жайылтуу каралууда.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Быйыл апрель айында Кытай менен ЕАЭБдин ортосунда өз ара кызматташууну тереңдетүү боюнча атайын сүйлөшүүлөр жүргөн. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын соода министри Андрей Слепнев "Россия жана Кытай: жаңы доордогу кызматташуу" деп аталган эл аралык конференцияда айтты.
Биргелешкен комиссиянын Пекинде өткөн IV отурумунда транспорт коридорлорун санариптештирүү, техникалык жактан жөндөө, бажы кызматташуусу, санитардык жана фитосанитардык чаралар, электрондук соода жаатында кызматташуу боюнча макулдашуулар болду.
Министрдин айтымында, келечекте буга окшогон жолугушуулардын алкагында өз ара мамилени, иштешүү тармактарынын тизмесин кеңейтүү пландалууда.
"Мында транспорттон сырткары өзөгүндө технологиялык трансформация турган санариптештирүү жана климат сыяктуу кызматташуунун маанилүү элементтерин белгилемекчимин. Булар өтө маанилүү багыттар, мында биз Кытай менен өтө жакынбыз жана соодада жаңы тоскоолдуктар жаралбашы үчүн аларды БРИКС, ШКУнун аянтчаларына алып чыгып, талкуулап, жалпы мамилелерди калыптандырабыз", — деген ЕЭК министри.
ЕЭК министри: дүйнөлүк жүк ташуулар Азияга бет ала баштады