Айдын аркы бетинен биринчи жолу топурак алып келинмекчи. Видео

Модуль алгач Айдын бетине 100 метрдей жетпей катып калып, кайра түз жүрө баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кытайдын "Чанъэ-6" зонду 2-июнда саат 6:23тө Айдын аркы бетине ийгиликтүү конду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Зонд алдын ала тандалган аймакка, Түштүк уюл – Эйткен бассейнине конгон. Кытайдын улуттук космостук башкармалыгы (CNSA) "Чанъэ-6" миссиясы Айдын ретрограддык орбитасында пландоо жана техникалык башкарууда секирик жасаганын маалымдады. Зонддун конуу модулу ылайыктуу орунду табуу үчүн лазердик 3D-сканерлөөнү колдонгон. Ал Айдын бетине 100 метрдей жетпей катып калып, кайра түз жүрө баштаган.
"Чанъэ-6" аппаратынын миссиясы ийгиликтүү аткарылса адамзат тарыхында биринчи жолу Айдын аркы бетинен Жерге топурак алып келинет.
"Чанъэ-6" учуу үчүн аппараттарды артка кайтаруучу жана ылдый түшүрүүчү орбиталык модулдан турат. Зонд пайдалуу аппараттар, анын ичинде панорамалык камералар, минералдардын жана Айдын топурагынын структурасынын спектралдык анализи үчүн орнотулган приборлор менен жабдылган.
СССРде жасалган Р-7 Байкоңурдан учуп, Камчаткадагы бутаны талкалаган. Видео