Кыргызстан сыра экспортун эки эсеге көбөйттү. Кайсы өлкөлөр сатып алат

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Ушул жылдын январь-март айларында Кыргызстан дээрлик 642 миң литр сыра экспорттогон. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, сыртка сатылган сыранын баасы 276 миң долларды түзгөн.
Сатып алган өлкөлөр:
Кытай — 392,5 миң литр;
Литва — 115,2 миң;
Россия — 110,7 миң;
Казакстан — 23,6 миң.
Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата экспорт 365,7 миң литрди түзгөнү айтылды. Бул — 75,6 пайызга көп көрсөткүч.
Кыргызстанда жүн баалуу продукцияга айланып, Кытайга экспорттоло баштады