Мектептерде футболду өнүктүрүүгө көп көңүл бурулмакчы. План

Мектептерде окуу жылында футбол менен машыгууга 20 саат бөлүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Өлкөдө кийинки жылдан тартып мектеп окуучулары массалык түрдө футболго тартыла баштайт. Бул план Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасында жазылган.
Программа алдыдагы он жылды камтыган. Ага ылайык, билим жайларында окуу жылында футбол менен машыгууга 20 саат бөлүнөт.
Ошондой эле бийлик өлкөдөгү ар бир футболдук клубдун астында жаштар үчүн футбол академиясын ачууну көздөп жатат.
Ташиев: футболдук командага оюнчуларды тандоонун жаңы системасын түзүү керек