Кыргызстан бодо малды сыртка көп сатууда. Сандар

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Январь-март ичинде Кыргызстан сыртка 83,8 миң баш мал саткан. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.
Бул былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 45,4 миңге көп.
Маалыматтар:
ат, качыр, эшек — 1 570 баш (былтыркы январь-мартта 1 862 болгон);
бодо мал — 27 487 ( 2 117 болсо, эми 13 эсе көбөйгөн);
кой-эчкилер — 54 782 (былтыр 41 425 эле).
Мал негизинен Өзбекстанга сатылган, биринчи категория Казакстан, Кытай, Россия жана Өзбекстанга экспорттолгон.
Кыргызстанда мал экспорту үч эсеге өстү