Июндун башында аба ырайы кандай болот? Бир жумага карата божомол

Жуманын башында күн ачык болот, андан кийинки күндөрү өткүн өтүп турат. Абанын температурасы 28-30 градуска чейин көтөрүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы жумада өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат берди.
2-8-июнга карата берилген маалыматта жуманын башында күн ачык болот, андан кийинки күндөрү өткүн өтүп турат. Абанын температурасы көпчүлүк аймактарда 28-30 градуска чейин көтөрүлөт.
Бишкекте 2-4-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 5-июнда түнкүсүн жаан, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. 6-8-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Чүйдө

2-3-июнь күндөрү тоолуу райондордо өткүн өтсө, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. 4-5-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 6-июнь жаан-чачындуу болсо, 7-8-июнда күн ачылат.

Талас

2-3-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. 4-июнда күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 5-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жааса, 6-7-июнда күн ачык болот. 8-июнда бийик тоолуу райондордо кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ош, Жалал-Абад

Аймактарда жуманын башы ачык болот. 4-июнда айрым жерлерде, 5-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. 6-июнда дагы күндүн көзү ачылбайт. 7-8 июнда жаан-чачын болбойт.

Баткен

Аймакта 2-3-июнда жаан-чачын болбойт. 4-июнда айрым жерлерде өткүн өтсө, 5-июнда көпчүлүк аймактарда жаан жаайт. Ал эми 6-7-июнь күндөрү жаан-чачын болбойт. 8-июнда тоолуу райондорго кар түшөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Ысык-Көл, Нарын

2-июнда күн ачык болот. 3-4-июнда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 5-6-июнда айрым жерлерде жаан жааса, 7-8 июнда өткүн өтөт.
39 градуска жетет! Июнь айына карата аба ырайы