Өлкө калкынын 2 миллиондон ашыгын балдар түзөт. Статистика

Балдардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 70,6 пайызы айыл жергесинде жашайт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Улуттук статистика комитети балдарга байланыштуу маалыматтар менен бөлүштү.
Ага ылайык, 2024-жылдын башына карата 18 жашка чейинки курактагы 2 миллион 692 миң бала жашаган. Жарымынан көбүн (51,4%) эркек балдар түздү. 2023-жылдын башына салыштырмалуу балдардын саны 30 миң балага же 1,1 пайызга көбөйгөнү айтылат.
Үстүбүздөгү жылдын башында балдардын жалпы санынын ичинен:
41 пайызы — 7 жашка чейинки балдар (1 млн 97 миң адам);
45 пайызы — 7-14 жашка чейинки балдар (1 млн 219 миң адам);
14 пайызы — 15-17 жаштагы өспүрүмдөр (376 миң адам).
Ошондой эле балдардын басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 70,6 пайызы айыл жергесинде жашай турганы айтылды.
Катаал аймакта жашаган 3 жашка чейинки бөбөктүн баарына жөлөк пул берүү колдоо тапты