Ирандын тарыхында биринчи жолу аял президенттик шайлоого катышат

Президенттик шайлоо мамлекет башчы Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Зохре Элахиан Ирандагы кезексиз президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөн биринчи аял болгонун Sputnik радиосу жазды.
Шайлоо мамлекет башчы Ибрахим Раиси авиакырсыктан каза болгондон кийин белгиленген.

"Зохре Элахиан президенттик шайлоого катышуу үчүн каттоодон өткөндөн кийин "Менин өкмөтүмдүн урааны — бекем өкмөт, бекем экономика жана бекем коом", – деп билдирген.

Иранда майдын аягына карата президенттик кызматка баруу үчүн парламенттин мурдагы төрагасы Али Ларижани, Борбордук банктын мурдагы башчысы Абд-оль Насер Хеммати, Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин өкүлү Саид Жалили жана Ислам революциясында Сакчылар корпусун башкарган генерал Сейед Вахид Хагганиан сыяктуу саясатчылар каттоодон өткөн.
Мындан тышкары, Ирандын мурдагы саламаттык сактоо министри, парламент депутаты Масуд Пезешкиан, спорт жана жаштар иштери боюнча министрдин мурдагы орун басары Ахмад Расулинежад, Демократиялык партиянын башкы катчысы Мостафа Кавакебиан, "Көз карандысыздык жана теңдик партиясынын" башкы катчысы Годратали Хешматиан, парламенттин учурдагы мүчөлөрү: Мохаммадреза Саббагиан, Аббас Могтадаи, Мохаммад Хошчехре жана мурдагы депутат Махмуд Ахмади-Бигаш дагы президенттикке ат салышууга камынышкан.
Бекитилген план боюнча, 11-июнда президенттикке талапкерлердин акыркы тизмеси жарыяланат. Ирандын Баш мыйзамы боюнча, өлкөнүн президенти каза болгондон 50 күн ичинде шайлоо өтүшү керек.
Бакыт Төрөбаев Ирандын президенти Раиси менен коштошуу зыйнатына катышты. Сүрөт