Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрдү деп шектелген KG Group компаниясынын башчысы Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Биринчи май райондук соту билдирди.
Маалым болгондой, анын баш коргоо чарасын узартуу өтүнүчүн сотко УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсү берген.
"Өтүнүч канааттандырылып, Ташовду камакта кармоо мөөнөтү 22-июнга чейин узартылды", — деп жазылат маалыматта.
41 жаштагы Ташовду былтыр октябрда УКМК кармап, кайра кое берген. Кийин ишкер өздөрүн УКМК кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар аны күч колдонуп уурдап, сегиз күн кармап, 100 миллион сом талап кылганын айтып видеокайрылуу жасаган. Бирок көп өтпөй УКМК Ташовдун активист менен төңкөрүш жасоо тууралуу сүйлөшкөн видеосун жарыялаган. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин жыйынында Ташов издөөгө алынганын билдирген.
Ташов 22-апрелде Алматыдан Кара-Балтага келе жатканда колго түшүрүлүп, соттун чечими менен 22-майга чейин камакка алынган.
Райым Матраимов 26-июнга чейин камакта калтырылды